Путинден согушуп жаткан аскерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам

Путин кол койгон жарлык Орусиянын мамлекеттик мыйзам маалымат сайтында жарыяланды.

1927586
Путинден согушуп жаткан аскерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам

Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинадагы согушта каза болгон орус аскерлеринин үй-бүлөлөрүнө 5 миллион рубль жардам берилишин көздөгөн жарлыкка кол койду.

Орус аскерлери, коопсуздук күчтөрү жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн кошумча социалдык кепилдиктерди камтыган Путин кол койгон жарлык Орусиянын мамлекеттик мыйзам маалымат сайтында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, Украинадагы "атайын аскердик операциянын жүрүшүндө каза болгон аскерлердин, Ички иштер министрлигинин жана Орусиянын Улуттук гвардиясынын кызматкерлерине 5 миллион рубль (болжол менен 71 500 доллар) өлчөмүндө бир жолку төлөм төлөнөт.  

Мындан тышкары аталган жарандар жабыркаса, травма алса, шок болсо, аларга 3 миллион рубль (болжол менен 42 миң 900 доллар) берилет.

Кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирген жарлык, согуш башталган 24-февралдан бери бери каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүн жана жарадар болгондорду камтыйт.



Тектеш кабарлар