Кристерссон: «НАТОго мүмкүн болушунча тезирээк кошулабыз деп жарыялаганыбызды так аткарып жатабыз»

Швециянын премьер-министри Франциянын борбор шаары Парижге болгон расмий сапарынын алкагында президент Эммануэль Макрон менен Елисей сарайында жекеме-жеке жолугушуудан мурда биргелешкен маалымат билдирүүсүн жасады.

1927545
Кристерссон: «НАТОго мүмкүн болушунча тезирээк кошулабыз деп жарыялаганыбызды так аткарып жатабыз»

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон: «Биз НАТОго мүмкүн болушунча тезирээк кошулабыз деп жарыялаганыбызды так аткарып жатабыз»,-деди.

Швециянын премьер-министри Франциянын борбор шаары Парижге болгон расмий сапарынын алкагында президент Эммануэль Макрон менен Елисей сарайында жекеме-жеке жолугушуудан мурда биргелешкен маалымат билдирүүсүн жасады.

Кристерссон Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө көрсөткөн колдоосу жана коопсуздук кепилдиктери үчүн Францияга ыраазычылык билдирип: «Биз НАТОго мүмкүн болушунча тез арада кошулабыз деп жарыялаганыбызды так аткарып жатабыз»,-деп айтты.

Швециянын Европанын ар түрдүү кризистерге туш болуп турган учурда Европа Биримдигине төрагалык кылганына көңүл бурган Кристерссон, бул кризистердин эң жаманынын 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушу экенин да белгиледи.

«Украинанын жеңиши Европа жана бүткүл дүйнө үчүн маанилүү, бул экзистенциалдык»,-деген Кристерссон энергетика жана климаттык кризистер жана инфляциянын өсүшү сыяктуу көйгөйлөргө көңүлдөрдү буруп, Европанын узак мөөнөттүү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сакташы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар