Иранда Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын командирине куралдуу кол салуу болду

Кол салууда командир Касым Фетуллахи каза болду.

1927878
Иранда Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын командирине куралдуу кол салуу болду

 Ирандын борбор шаары Тегеранда Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын бир командири үйүнүн алдында учураган кол салууда каза болду.

Ирандын жарым расмий Fars News агенттигинин маалыматына караганда, Тегерандагы Төңкөрүш Гвардиясы армиясынын Тегеран Мухаммад Расулуллах корпусунда кызмат кылган офицер Касым Фетхуллахи куралдуу кол салууга учурады.

Борбор шаардын түштүгүндө үйүнүн алдында жасалган кол салууда 4 ок тийген Фетуллахинин каза болгондугу маалымдалды.

Окуяны «террордук кол салуу» деп мүнөздөлгөн кабарда Фетуллахинин ошол эле учурда Төңкөрүш Гвардиясы армиясына караштуу  Бесич милиция бөлүгүнүн командирлеринин бири экени да белгиленди.

Тегеран полициясынын маалымат борборунун башчысы, полковник Али Сабахи кол салуу боюнча тергөө ишинин уланып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар