Ак үйдөн Түштүк Корея менен биргелешкен өзөктүк машыгуу тууралуу маалымат берилди
Басма сөз катчысы Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан Пьер, Түндүк Кореянын өзөктүк кол салуусу менен кошо ар кандай зомбулук аракеттерине каршы Түштүк Кореяны коргоого чечкиндүү экендиктерин билдирди.
Басма сөз катчысы Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёлдун биргелешкен өзөктүк машыгуулар жөнүндөгү билдирүүсүнө токтолгон Жан Пьер эки лидердин өкмөттөрүнө сөз болуп жаткан машыгууларга караганда АКШнын «кеңейтилген тоскоол болуу» стратегиясына таянып биргелешкен коргонуу даярдыктарын дагы да арттыруу боюнча буйрук бергендерин баса белгиледи.
Жан Пьер: «Кошмо Штаттар альянска толугу менен берилген жана өлкөнүн бүтүндөй коргонуу күчтөрү Түштүк Кореяга кеңири бөгөт коюуну камсыздайт», - деди.
Ошондой эле Жан Пьер: «Камбоджадагы жолугушуусунан кийин (АКШ президенти Джо) Байден менен Юн өз командаларына Түндүк Кореянын өзөктүк курал колдонуусун кошкондо бир катар сценарийлерге эффективдүү жана биргелешкен жооп кайтарууну тапшырышты. Юн өз билдирүүсүндө бул миссияга да токтолду»,-деп айтты.
Жо Байден кечээ эки өлкө биргелешкен өзөктүк машыгууларды талкуулап жатабы деген суроого «Жок» деп жооп берди.
Юн өлкөсүнүн Chosun Ilbo гезитине берген маегинде, «Биз Америка Кошмо Штаттары менен эффективдүү кеңейтилген тоскоолдук стратегиясы үчүн өзөктүк кубаттуулук жагынан биргелешкен пландоо жана биргелешкен машыгуулар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Америка Кошмо Штаттары да буга абдан оң көз карашта» деген сөздөрдү айткан.
Түндүк Корея 2022-жылы мурдагы жылдарга караганда көбүрөөк ракета учуруп, Корей жарым аралында жана Чыгыш Азияда чыңалууну күчөттү.
Жалпысынан 90дон ашык ракета учурган Пхеньян администрациясы 2022-жылдын ноябрь айында бир күндө 23 ракета учурган.
Пхеньян дагы 2023-жылдын алгачкы сааттарында баллистикалык ракета сыноосун өткөрдү.