Россиянын Коргоо министрлиги 63 орус аскеринин каза болгонун жарыялады
Игорь Конашенков 24 - февралдан бери уланып жаткан Украинадагы согушта орус армиясынын аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Россиянын Коргоо министрлиги Украина армиясынын ракеталык чабуулунан Макеевкага жакын жерде 63 орус аскеринин каза болгонун жарыялады.
Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков 24 - февралдан бери уланып жаткан Украинадагы согушта орус армиясынын аракеттери тууралуу билдирүү жасады.
Украин армиясынын Донецк аймагындагы Макеевка отурукташуу жерине жакын жердеги орус куралдуу күчтөрүнүн убактылуу позицияларынын бирине кол салганын белгилеген Конашенков, Америкада жасалган HIMARS көп ракета аткыч системасынан атылган 6 ракетанын 2сүнүн орус абасынан аткыланганын айтты. Конашенков : «Катуу кыйратуучу ракетанын 4 дүрмөтүнүн жарылышы менен убактылуу жайгаштыруу пунктунун бир бөлүгүндөгү 63 орус аскери каза болду»,- деди.
Орус аскердик бөлүктөрүнүн Украинадагы операцияларын улантып жатканын белгилеген Конашенков, орус аба күчтөрүнүн жогорку тактыктагы куралдар менен жасаган кол салууларынын натыйжасында Украинанын Марково жана Краматорск аймактарында, Харьков облусунун Новоосиново конушунда Украина армиясы үчүн иштеген 70тен ашуун чет элдик жалданма аскердин каза болгондугун жана 100дөн ашуунунун жаракат алганын айтты.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык байланыш кеңсесинин билдирүүсүндө Украинанын Донецк облусунда орус армиясынын көзөмөлүндөгү Макеевка шаарында казарма катары колдонулган борборго жасалган кол салууда 400гө жакын орус аскеринин казат болгону белгиленди.