Малайзия 1 миллион чет элдик жумушчуга муктаж

Malaymail кабарына ылайык, Иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ассоциациясы өлкөдөгү жумуштуулук маалыматтары боюнча отчетун жарыялады.

1927168
Малайзия 1 миллион чет элдик жумушчуга муктаж

Малайзия, жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) пандемиясынан кийин пайда болгон жумушчу күчүнүн муктаждыгын канааттандыруу үчүн 1 миллиондой чет элдик жумушчуга муктаж.

Malaymail кабарына ылайык, Иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ассоциациясы өлкөдөгү жумуштуулук көрсөткүчтөрүнө байланыштуу отчетун жарыялады.

Ассоциациянын жетекчиси Датук Фо Йонг Хуи, Малайзияда ар кандай секторлордо жумушчу күчкө болгон муктаждыктын критикалык деңгээлде экенине көңүл буруп, өлкөнүн болжол менен 1 миллион чет элдик жумушчуга муктаж экенин белгиледи.

Курулуш, айыл чарба, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү секторлорунун жумушчу күчүнө муктаж болгон тармактардын башында турганын билдирген Йонг Хуи, 2020-жылы болжол менен 2,2 миллион деп катталган чет элдик жумушчу санынын Ковид-19дан улам 900 миңге азайгандыгын кабарлады.

Хуи, курулуш тармагынын 300 миңге жакын, айыл чарба тармагынын 230 миң, өндүрүш тармагынын 100 миңден 200 миңге чейин жумушчу күчүнө муктаж экенин билдирди.

Чет элдик жумушчу көйгөйүн чечүү үчүн Малайзиянын ички иштер министри Датук Сери Сайфуддин Насуцион Исмаил жана кээ бир министрлер менен жолугуша тургандарын айткан Йонг Хуи, өкмөттүн чет элдик жумушчулар үчүн визаларды жеңилдетүүсү керектигин баса белгиледи.

Бир тараптан Ички иштер министри 9-декабрдагы билдирүүсүндө, өлкөдө убактылуу жумушчу визасы менен 1 миллион 400 миң чет элдик жумушчунун бар экенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар