Столтенберг: «Батыш Украинаны колдоону улантууга даяр болушу керек»

Би-Би-Синин Түркчө кызматынын кабарына ылайык, Йенс Столтенберг: «Украинанын көз карандысыздыгын сактап калуу жана Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу жолу ушул жерден өтөт»,-деп билдирди.

1926579
Столтенберг: «Батыш Украинаны колдоону улантууга даяр болушу керек»

 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинага жасаган чабуулдары басаңдаганы байкалбаганын, андыктан Батыш өлкөлөрү Киевге колдоо көрсөтүүнү узак мөөнөттө улантууга даяр болушу керектигин айтты.

Би-Би-Синин Түркчө кызматынын кабарына ылайык, Йенс Столтенберг: «Украинанын көз карандысыздыгын сактап калуу жана Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу жолу ушул жерден өтөт»,-деп билдирди.

Орусиядагы жарым-жартылай мобилизациянын Москванын согушту токтотуу ниети жок экенин көрсөткөнүн баса белгилеген Столтенберг: «Акыркы айларда украин аскерлери күч алды, бирок биз Орусия дагы жаңы аскерлерди алып, аларды машыктырып жатканын билебиз»,-деди.

Би-Би-Сиге маек берген НАТОнун баш катчысы Столтенберг: «Бул алардын согушту улантууга даярдыгын да, жаңы чабуулду баштоого жөндөмдүүлүгүн да көрсөтүп турат», - деп айтты.

Столтенберг кыйырда азырынча сүйлөшүү көрүнбөгөнүнө карабастан, ал күн келгенде Украинанын үстөлдө күчтүү болушу үчүн Батыштын колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгилеп:«Биз тез арада Украинаны колдообуз керек. Бул аскердик колдоону да камтыйт. Анткени бул Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө отурууга мажбурлай турган жана Украинанын Европадагы көз карандысыз мамлекет катары катышуусун кабыл алган жалгыз нерсе»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар