Израиль аскерлери 2 палестиналыкты өлтүрдү

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Жениндеги Ибни Сина ооруканасынын директору Самир Атиййе, бул тууралуу маалымат берген.

1926543
Израиль аскерлери 2 палестиналыкты өлтүрдү
filistin.jpg

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериадагы Женин шаарында 2 палестиналыкты өлтүрүп, 8 палестиналыкты жаралады.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын кабарына караганда, Жениндеги Ибни Сина ооруканасынын директору Самир Атиййе, баскынчылардын шаардын батыш тарабындагы Кефр Дан айылында рейд учурунда оккупациялык күчтөрдүн аткылоосунда 2 кишинин каза болгонун, бири оор 8 кишинин жараланганын жарыялады.

Маалыматта Израиль армиясынын Кефр Дан айылына көп сандаган аскери менен кол салуусунан мурда каза болгон палестиналык Абдуррахман Хани Абиддин үйүн жок кылуу максатталганы, сөз болуп жаткан үйдү тосуу операциясында аймактагы баскынчылар менен жаштардын ортосунда кагылышуу болгондугу белгиленди.

Израилдик аскерлердин Абдурахман Хани Абиддин бир тууганы Махир Абидди да кармаганы билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Палестина башкаруучулугу жана бейөкмөт уюмдар тарабынан жарыяланган маалыматтарга караганда, Израиль күчтөрү 2022-жылы 168и басып алынган Батыш Шериада  жана 52си блокададагы Газа тилкесинде, анын 48 баладан турган 220дан ашык палестиналыкты өлтүрүп, 9 миңден ашык палестиналыкты жарадар кылды, палестиналыктарга таандык 950 үйдү талкалап, 113 миң 435 декар жерди басып алды.

Бир тараптан WAFAнын кабарына караганда Израиль аскерлери Батыш Шерианын ар кайсы жерлеринде кээ бир үйлөрдү тинтишти.

Рейд учурунда Бетлехемден алты, Рамалла менен Наблустан төрттөн, Селфит жана Хеброн шаарларынан экиден палестиналык кармалды.

Басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудуста байма-бай рейддерди уюштурган Израиль күчтөрү, палестиналыктарды түрдүү айыптоо менен камоодо. Рейддерге реакция кылган палестиналыктар менен Израил аскерлеринин ортосунда мезгил-мезгили менен окуялар болуп жатат.



Тектеш кабарлар