Бразилиянын мамлекет башчысы Силва ант берди

Силва ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө Бразилияны кайра курууга убада берди.

1926442
Бразилиянын мамлекет башчысы Силва ант берди
Luiz Inacio Lula da Silva1.jpg
Luiz Inacio Lula da Silva.jpg

31-октябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңип чыккан Бразилиянын солчул экс-президенти Луис Инасиу Лула да Силва парламентте ант берди.

Силва ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө Бразилияны кайра курууга убада берип, «Мен Конституцияны коргоого, жактоого жана ага баш ийүүгө сөз берем. Мен бүтүндөй Бразилия элинин жыргалчылыгын колдоого жана биримдиктин, бүтүндүктүн жана көз карандысыздыктын жолу менен басууга убада берем» деди.

АКШ , Европа Биримдиги (ЕБ) жана Кытай менен активдүү диалогду уланта тургандарын белгилеген Силва, өлкөдө коопсуздуктун көп экенин баса белгилеп: «Бразилия, элинин колунда курал болушун каалабайт, анын кереги да жок. Адилеттүү өлкө болуу үчүн маданиятка, китепке таянышыбыз керек.  Күйүүчү май жана башка материалдарды ташып келүүнүн эч кандай пайдасы жок. Бразилия эл аралык экономиканын алдыңкы саптарында болушу керек»,-деп айтты.

Лула да Силва өлкөнүн экономикалык абалына көңүл буруп, 33 миллион адамды ачарчылыктан, 100 миллион адамды жакырчылыктан куткарам деп убада кылды.

Силва андан кийин Планалто сарайында Президенттик белдемчи тапшырылгандан кийин сарайдын алдына чогулган 300 миңге жакын жактоочуларына кайрылды.

Өлкөдө теңсиздиктин күчөгөнүн жана ага чекит коё тургандарын белгилеген Силва : «Ачкачылыктын кайтарылышы Бразилия элине каршы жасалган эң чоң кылмыш. Биздин өлкөдө киреше, гендердик теңсиздик, эмгек базары, саясий өкүлчүлүк, саламаттыкты сактоо жана билим берүү сыяктуу ар түрдүү теңсиздикке каршы күрөшө турганыма убада берем»,-деп айтты.

Жек көрүүчүлүккө чекит коюуга убакыт келгенин белгилеген Силва жаңы типтеги коронавирус эпидемиясында 695 миң бразилиялык каза болгонун эске салып, Болсонаро жетектеген бийлик өкүлдөрү жооп берерин белгиледи.

Бразилияны үчүнчү жолу башкарган жалгыз президент Лула да Силва 2027-жылга чейин кызмат кылат.

Ант берүү аземине Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Испаниянын Королу IV. Фелипе, Аргентинанын президенти Альберто Фернандес, Боливиянын президенти Луис Арсе, Колумбиянын президенти Густаво Петро, ​​Парагвайдын президенти Марио Абдо Бенитес, Уругвайдын президенти Луис Лакалле, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, Португалиянын президенти Марсело Ребело де Суса жана көптөгөн мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү катышты.



Тектеш кабарлар