Түндүк Корея 2023-жылга ракета сыноосу менен кирди...

Түштүк Кореянын Башкы штабынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:50 чамасында Рёнсонг аймагынан кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракета учурулган.

1926156
Түндүк Корея 2023-жылга ракета сыноосу менен кирди...

Түштүк Корея менен Жапония Түндүк Корея 2023-жылдын алгачкы сааттарында баллистикалык ракетасын сынаганын билдирди.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:50 чамасында Рёнсонг аймагынан кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракета учурулган.

Буга ылайык, Жапон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында учурулган баллистикалык ракета абада 400 километр аралыкты басып өткөндөн кийин деңизге түшкөн.

Башкы штабдын билдирүүсүндө, «Биздин аскерлер Түндүк Кореянын провокацияларына абдан күчтүү жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүнө негизделген катуу даярдык абалында турушат»,- деп айтылган.

Япониянын коргоо министри Хамада Ясуказу болжол менен 100 чакырым бийиктикке жеткен ракета Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынан тышкары жерге түшкөнүн бышыктады.

Жапон өкмөтү ракета сыноолорунан кийин Жапониянын Пекиндеги элчилиги аркылуу Түндүк Кореяга дипломатиялык нааразылык билдирүү жөнөттү.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Индо-Тынч океан командирлиги да сыноонун Түндүк Кореянын мыйзамсыз курал программасынын «стабилдүүлүктү бузуучу таасирине» көңүл бурганын билдирди.



Тектеш кабарлар