Киевде 2022-жылдын акыркы күнү жарылуулар угулду
Орус күчтөрүнүн абадан кол салуусунда 1 киши каза болуп, көптөгөн киши жараланды, кол салууларда бир мейманкана зыянга учурады.



Украинанын борбору Киевде 2022-жылдын акыркы күнү жарылуулар угулду.
Орус күчтөрүнүн абадан кол салуусунда 1 киши каза болуп, көптөгөн киши жараланды, кол салууларда бир мейманкана зыянга учурады.
Түн жарымынан көп өтпөй шаарда жарылуулар болду.
Шаар мэри Виталий Кличко: «Биздин абадан коргонуу системабыз Орусиянын чабуулдарына каршы иштеп жатат»,-деди.
Орусиянын чабуулдары Украинанын башка шаарларында да уланууда. Гимельницкий шаарындагы кол салуулардан 4 адам жаракат алды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Киевге жасаган чабуулуна жооп кайтарды.
Зеленский эң катуу кагылышуулар Донбасста болгонун эске салды.
Зеленский Украина армиясынын жалпысынан позициясын сактап калганын, кээ бир аймактарда акырындык менен алга илгерилегенин, Украинанын абадан коргонуусу 2023-жылы күчтөнөрүн айтты.
Зеленский ошондой эле жаңы жылдык кайрылуусунда:
«Биз мындан ары да жеңишке карай илгерилейбиз»,-деди.
Орусиянын президенти Владимир Путин 9 мүнөттүк жаңы жылдык кайрылуусунда батыш өлкөлөрү Украинаны Орусияны жок кылуу үчүн колдонуп жатканын айтып, бул абалды «күлкүлүү» деп мүнөздөдү.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жаңы жылдык билдирүүсүндө орус армиясына кайрылып: «Биздин жеңишибиз жаңы жылдын келиши сыяктуу сөзсүз болот»,-деди.
Орусия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмашуу уланууда.
Туткундарды алмаштыруунун алкагында 82 орус жана 140 украин аскери бошотулду.