Путин газ карыздарын төлөөдө жеңилдик берди
Россиянын президенти Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык “дос эмес” батыш өлкөлөрнүн орус жаратылыш газына болгон карыздарын доллар же евро сыяктуу чет элдик валюта менен төлөөгө уруксат берди.

Россиянын президенти Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык “дос эмес” батыш өлкөлөрнүн орус жаратылыш газына болгон карыздарын доллар же евро сыяктуу чет элдик валюта менен төлөөгө уруксат берди.
Путин кол койгон жарлык менен Россияга санкция киргизген жана «дос эмес» батыш өлкөлөрүнүн орус газын рубль менен гана төлөй ала турганы боюнча чечимге өзгөртүү киргизилди.
Орус газын импорттогон “дос эмес” өлкөлөрдүн карызын доллар же евро сыяктуу чет элдик валюталар менен төлөөгө уруксат берген жарлыкка ылайык, бул өлкөлөрдүн карызын төлөөсү орус газын өткөрүүнүн кайрадан башталышы деген мааниге келбейт.
Путин 31-мартта кол койгон жарлык менен орус газын сатып алган өлкөлөр Газпромбанктан эсеп ачууга милдеттүү, бирок бул банкка төлөмдөр жүргүзүлгөндөн кийин сөз болгон каражаттар Москва биржасында рублга которулат.
Орус энергетика фирмасы Газпром Польша, Болгария, Финляндия, Нидерландия жана кээ бир европалык фирмалар рубль менен төлөбөгөнү үчүн жаратылыш газын өткөрүүнү токтоткон.