Косоводо баррикадалардын алынышы

Косовонун түндүгүндөгү Звечан муниципалитетине караштуу Рудардагы баррикада алынары менен Түндүк Митровица - Лепосавич автожолу кыймылга ачылды.

1925665
Косоводо баррикадалардын алынышы

Косовонун түндүгүндөгү Звечан муниципалитетине караштуу Рудардагы баррикада алынары менен Түндүк Митровица - Лепосавич автожолу кыймылга ачылды.

Рудардагы баррикада өлкөнүн түндүгүндөгү Косово менен Сербиянын ортосундагы Яринже чек ара дарбазасына алып баруучу эң маанилүү жол болгондуктан, сербдер тарабынан күнү-түнү кайтарылып турду.

Косовонун түндүгүндө сербдер курган баррикадалардын көбү алынды.

Баррикадалар Косовонун түндүгүндө мурдагы серб полиция кызматкери Деян Пантичтин камакка алынышына жооп иретинде курулган.

Камакка алуу чечими үй камагына айландырылгандан кийин, Косовонун түндүгүндөгү баррикадаларды алуу Сербиянын президенти Александр Вучичтин шаршемби күнү чакырыгынан кийин башталды.



Тектеш кабарлар