Италиянын премьер-министри Киевге барат
Мелони жыл жыйынтыгы боюнча биринчи маалымат жыйынын өткөрдү.
Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони, Орусия менен согуш уланып жаткан Украинанын борбор шаары Киевге бара турганын билдирди.
Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, 25 - сентябрда өткөрүлгөн жалпы шайлоодон кийин 22- октябрда кызматка киришкен Мелони жыл жыйынтыгы боюнча биринчи маалымат жыйынын өткөрдү.
Мелони Украина-Орусия согушу башталган күн болгон 24-февралга чейин Киевге бара турганын кабарлады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өткөргөн телефондук сүйлөшүүсүнө токтолгон Мелони, Киевге барарын Зеленскийге да айтканын маалымдады.
Сүйлөшүүдө Мелони Италиянын тынчтык жараянына кепил болууга даяр экенин, ошондуктан 24-февралга чейин Киевге баруу ниетин билдирип, ал жерден биринчи кадамдарды таштоого болорун айтты.
Тынчтыкка багытталган бардык нерсени колдой тургандарын баса белгилеген Мелони: «Бирок тынчтыктын аны каалоо менен гана ишке ашпай турганын ачык билишибиз керек»,-деди.
Мелони тынчтык үчүн конкреттүү иш жүргүзүү зарылдыгын билдирди.
Зеленскийдин да тынчтык үчүн демилге көтөргүсү келгенине көңүл бурган Мелони: «Тынчтык үчүн жасала турган нерселердин баары жасалышы керек, эч ким согушту каалабайт жана биз да бирдей пикирдебиз»,-деди.
Мелони тынчтыкты талап кылуу менен бирге Украинанын көз карандысыздыгы жана жеринин бүтүндүгү урматталарын белгиледи.