Эфиопияда өкмөттүк күчтөр биринчи жолу Тиграйдын борборуна киришти

Улуттук армия менен Тиграй элдик боштондук фронтунун (TPLF) ортосундагы согуш, дээрлик эки жылдан кийин өткөн айда кол коюлган тынчтык келишими менен аяктады.

1925680
Эфиопияда өкмөттүк күчтөр биринчи жолу Тиграйдын борборуна киришти

Эфиопияда өкмөттүк күчтөр, козголоңчулар менен кагылышуулар аяктагандан кийин биринчи жолу Тиграйдын борбору Мекелеге кирди.

Эфиопия өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Эфиопиянын федералдык полициясы, конституциялык укуктун негизинде федералдык мүлктөрдү коргоо үчүн Мекелеге кирди»,-деп айтылды.

Улуттук армия менен Тиграй элдик боштондук фронтунун (TPLF) ортосундагы он миңдеген адамдын өмүрүн алган жарандык согуш, дээрлик эки жылдан кийин өткөн айда кол коюлган тынчтык келишими менен аяктады.

Телефон, интернет жана банк сыяктуу кызматтар калыбына келтирилген аймакта жашоо калыбына келе баштады.

Аддис-Абеба өкмөтү жана жергиликтүү Тиграй өкмөтү тынчтык келишимин бекем сактай тургандыктарын дагы бир жолу билдиришти.

2020-жылдын ноябрында Эфиопияда армия менен TPLF ортосунда башталган кагылышуулар он миңдеген адамдардын өлүмүнө жана жүз миңдеген адамдардын үйлөрүн таштап кетүүгө алып келди.



Тектеш кабарлар