Зеленский: «Биз Украинанын 1800дөн ашык шаар-кыштактарын баскынчылардан бошотуп алдык»

Баш калаа Киевде Украина парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Зеленский украин элинин Орусияга каршы уланып жаткан согушта бүткүл дүйнөгө бирдиктүү экенин көрсөткөнүн баса белгиледи.

1925142
Зеленский: «Биз Украинанын 1800дөн ашык шаар-кыштактарын баскынчылардан бошотуп алдык»

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунда орус аскерлери басып алган 1800дөн ашуун калктуу конушту кайрадан көзөмөлгө алганын жарыялады.

Баш калаа Киевде Украина парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Зеленский украин элинин Орусияга каршы уланып жаткан согушта бүткүл дүйнөгө бирдиктүү экенин көрсөткөнүн баса белгиледи.

Орусиянын кол салууларына каршы ишенимдүү күрөшүүнү уланткандарын белгилеген Зеленский: «Украина сөзсүз жеңет»,-деди.

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн Орусияга каршы Украинага курал-жарак колдоо көрсөткөнүн белгилеген Зеленский : «Тарыхта биринчи жолу Европа Биримдиги мындай масштабдуу кол салууларга каршы коргонуу жардамын көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Зеленский согушта аларды колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, украин армиясы бул куралдар менен ийгиликтүү контрчабуулдарды ишке ашырганын айтты.

Зеленский: «Биз Украинанын 1800дөн ашык шаар-кыштактарын баскынчылардан бошотуп алдык», - деди.

Зеленский украин эли көптөн бери кыялданган жеңишке карай жылышын улантып жатканын баса белгиледи.

Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Түркиянын колдоосу менен түзүлгөн Кара деңиз дан демилгеси аркылуу Украина портторунан 15 миллион тоннадан ашык дан азыктары экспорттолгондугун белгиледи.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке жана президент Режеп Таййип Эрдоганга аталган демилгенин ишке ашуусуна кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирген Зеленский, айыл чарба азыктарына муктаж болгон өлкөлөргө жеткирүү үчүн «Украинадан алынган дан» демилгесин да баштагандарын, Түркия менен катар жалпысынан 30га жакын өлкө сөз болуп жаткан демилгени колдой турганын билдирди.



Тектеш кабарлар