Александр Вучич бүгүн баррикадалардын алынарын билдирди

Сербиянын президенти Алмександр Вучич акыркы мезгилде Косово менен болгон чыңалуунун себеби болгон  баррикадалардын бүгүн алынарын жарыялады

1925153
Александр Вучич бүгүн баррикадалардын алынарын билдирди

Сербиянын президенти Александр Вучич акыркы мезгилде Косово менен болгон чыңалуунун себеби болгон  баррикадалардын бүгүн алынарын жарыялады.

Сербиянын Косово чек арасына жакын жердеги Рашка казармасында косоволук сербдер менен жолугушкан Вучич сүйлөшүүдөн кийин маалымат берди. Абдан кыйын түн жана сүйлөшүү болгонун айткан Вучич : «Косоволук сербдерден  баррикадалардын алынышын талап кылдым.  Тынчтык жана бейпилдиктин улантылышын каалаймын. Баарын уктум.  Берилген убадалардын орундатылышына ишенем»,- деди.

Вучич косоволук сербдердин арасында ишенбөөчүлүк сезиминин бар экендигин белгилеп : «Бейшемби күнү түштөн кийин баррикадалар алынат. Бул 2 саатта бүтө турган иш эмес. Балким 24, балким да 48 саатка созулушу мүмкүн бирок баррикадалар алынат»,- деп билдирди.

Косоволук сербдердин баррикадаларды алышынан кийин камакка алуу ыктымалына баа берген Вучич : «Мындай абалда баррикадаларды кайра албоо үчүн курушарын айтышты»,- деди.

Ошол эле учурда кечээ Косово менен Сербиянын ортосунда чыңалууга себеп болгон мурдагы серб полиция кызматкери Деян Пантичтин камалышы үй абагына айландырылгандан кийин Европа Биримдиги  жана Америка Кошмо Штаттары биргелешкен билдирүү жасады.

Европа Биримдиги жана АКШнын билдирүүсүнөн кийин Вучич менен жолугушкан Сербия өкмөтүнүн Косово кеңсесинин директору Петар Петкович косоволук сербдердин талаптары орундатыла турган болсо Европа Биримдиги жана АКШдан кепилдик алышкандарын белгиледи.

Петкович Европа Бирмдиги жана АКШдан баррикадаларда сербдердин камалышы же депортацияланышына байланыштуу  тизменин жок экенин билгендерин айтып, Косово Коопсуздук Күчүнүн Косовонун түндүгүнө барышы үчүн учурдагы келишимдерге караганда муруетадан НАТОнун Косоводогу Тынчтык Күчү KFOR командиринин макулдугун алуу зарылдыгы тууралуу  маалымат берилгендигин билдирди.



Тектеш кабарлар