SpaceX 54 Starlink спутнигин учурду
Америкалык ишкер Илон Маскка таандык SpaceX компаниясы дагы 54 Starlink спутнигин орбитага жөнөттү.
Космостук транспорт компаниясы SpaceXтын 54 Starlink спутнигин ташыган Falcon - 9 ракетасы ийгиликтүү учурулду.
Америкалык ишкер Илон Маскка таандык SpaceX компаниясы дагы 54 Starlink спутнигин орбитага жөнөттү.
Интернет спутниктерин ташыган Falcon - 9 ракетасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:35те АКШнын Флорида штатындагы Кейп - Канавералдагы космостук күчтөрү базасынан ийгиликтүү учурулду.
Алган жаңы лицензиясы менен спутниктерди ар кайсы орбитага жөнөтүү уруксатына ээ болгон SpaceX, жакында учурулган спутниктердин аркасында абоненттер көп болгон аймактарга дагы ылдам интернет мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
Илон Маск негиздеген космостук транспорттук компания SpaceX, Falcon 9, Falcon Heavy, Starlink, Dragon Cargo жана Starship сыяктуу космостук унааларды камтууда.
Компания космостук транспорттун баасын төмөндөтүү максатында түзүлгөн.