Сербияда террорго шектелген 1 киши кармалды

Коопсуздук маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, террорго шектелген 1 кишинин кармалгандыгы жана курал - жарактардын колго түшүрүлгөндүгү маалымдалды.

1924545
Сербияда террорго шектелген 1 киши кармалды

Сербиянын түштүгүндөгү Буянович шаарында террордук кылмыш жасаган деген айып менен 1 кишинин кармалгандыгы билдирилди.

Коопсуздук маалымат агенттигинин (BIA) билдирүүсүндө, Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн операциянын негизинде  террордук кылмыш жасаган деген шек менен албан тектүү 1 кишинин кармалгандыгы жана тинтүү учурунда курал - жарак, мылтык , жардыруучу заттар жана аскердик ок - дарылардын колго түшүрүлгөндүгү белгиленди.

Куралдардын мыйзамсыз жол менен алынгандыгы баса белгиленген билдирүүдө шектүүнүн куралдарды Косового жеткирүүгө аракет кылгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө кылмышка шектүү кишинин прокуратурага өткөрүлөрү билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар