Япониядан Ковид-19 чечими
Премьер-министр Кишида Фумио журналисттерге берген билдирүүсүндө, Кытайда вируска чалдыккандардын көбөйүшүнө тынчсызданып жаткандарын айтты.
Япония, коронавируска (Ковид-19) чалдыккандардын саны кайрадан көбөйгөн Кытайдан келген жүргүнчүлөр үчүн чек ара чараларын көрө баштайт.
Япон өкмөтү, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Кытайда Ковид-19 учурлары кайрадан көбөйүп жатат деген билдирүүсүнөн кийин сактык чараларын көрүүдө.
Премьер-министр Кишида Фумио журналисттерге берген билдирүүсүндө, Кытайда вируска чалдыккандардын көбөйүшүнө тынчсызданып жаткандарын айтты.
Кытайдын мамлекеттик жана жеке мекемелери жарыялаган учурлардын санындагы айырмага көңүл бурган Кишида: «Деталдуу кырдаалды түшүнүү кыйын жана Японияда тынчсыздануу күч алууда»,- деди.
Япониянын премьер-министри белгилегендей, Ковид-19 бейтаптарынын өлкөсүнө тез агымын алдын алуу үчүн Кытайдан келген жүргүнчүлөрдөн Ковид-19 тести суралат.
Жаңы чечимге ылайык, 30-декабрдан тарта тесттери оң чыккандар 7 күн, вирус белгилери барлар 5 күн карантинге алынат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус өткөн аптада Кытайда көбөйгөн учурлар үчүн: «Биз бул олуттуу оорунун учурларынын көбөйүшүнө тынчсызданып жатабыз»,-деген.
Япония өкмөтү Ковид-19дан улам өлкөнүн чек ара бекеттеринде 2 жылдан ашык убакыттан бери колдонгон чек ара чараларын октябрда алып салган болчу.