БУУ Талибанды аялдар тууралуу чыгарган чечимин жоюга чакырды

БУУнун Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө, Талибандын аялдардын университеттерге кирүүсүнө тыюу салышынан  тынчсызданып жаткандыгы белгиленди.

1924716
БУУ Талибанды аялдар тууралуу чыгарган чечимин жоюга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Талибандын аялдардын коомдук турмушка катышуусун чектеген чечимдерин жоюга чакырды.  

БУУнун Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө, Талибандын аялдардын университеттерге кирүүсүнө тыюу салышынан  тынчсызданып жаткандыгы белгиленди.

Афган  кыздарынын алтынчы класстан кийин мектепке баруусуна тоскоол болгон чечим  айыпталган билдирүүдө, Афганистандагы аялдар менен кыздардын өлкөдө толук, тең укутуу жана мазмундуу салым кошушу талап кылынды.

Кеңеш Талиюанды мектептерди кайра ачууга чакырып,  адам укуктары жана негизги эркиндиктерге сый көрсөтүүдө  "өсүп бараткан эрозиясын чагылдырган" саясатын тез арада жоюга чакырды.

Афганистандагы жарандык коом уюмдарында жана эл аралык мекемелерде аялдардын иштешине байланыштуу тыюу салуунун жоюлушун талап кылган кеңеш тыюу салуунун өлкөдөгү гуманитардык жардам операцияларына маанилүү таасиринин болорун баса белгиледи.

Талибан 24 - декабрда  бейөкмөт уюмдарга аял кызматкерлерди жумушка алууну кийинки эскертүүгө чейин токтоткон.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн Экономика министрлигинин басма сөз катчысы Абдуррахман Хабиб министрлик аталган чечимди өлкөдөгү бардык жарандык коом уюмдарына жөнөткөнүн жана бул чечимдин аткарылышы керектигин айткан.

Аял кадрларды ишке орноштурууну токтотпогон жаарндык коом уюмдарынын лицензиясы жоюлары билдирилген.

Талибан Убактылуу өкмөтүнүн Жогорку билим берүү министрлиги 20 -  декабрда Афганистандагы бардык коомдук жана жеке университеттерге жиберген көрсөтмө менен кыз студенттердин билим алуусу кийинки эскертүүгө чейин токтотулгандыгын жарыялаган.

Өткөн жылы 15 -  августта  Талибан өлкөнүн башкаруусун колго алгандан кийин коомдук жана жеке сектордо иштеген көп сандаган аялдар жумушсуз калган.

 



Тектеш кабарлар