Босния - Герцеговинанын Министрлер кеңешинин жаңы төрайымы Боржана Кристо
Босния - Герцеговина Өкүлдөр палатасынын кезексиз сессиясында Кристонун төрайымдыгына добуш берүүдө парламенттин 15 мүчөсү "каршы", 28и "кабыл" деп добуш берди.
Босния - Герцеговинанын Министрлер кеңешинин жаңы төрайымы Хорватиянын Демократиялык биримдик партиясынан (HDZ) Боржана Кристо болду.
Босния - Герцеговина Өкүлдөр палатасынын кезексиз сессиясында Кристонун төрайымдыгына добуш берүүдө парламенттин 15 мүчөсү "каршы", 28и "кабыл" деп добуш берди.
Добуш берүүдө Демократиялык биримдик партиясынан Кристо көпчүлүк добуш менен өлкөнүн Министрлер кеңешинин жаңы төрайымы болуп шайланды.
Парламенттик сессияда сөз сүйлөгөн Кристо: "Бизди бөлгөн "жаңжалдарды" артка калтырышыбыз керек",- деди.
Босния - Герцеговинада 2 - октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин Президенттик кеңеш 22 - декабрдагы жыйынында өкмөттү түзүү милдетин Кристо тапшырды.
Босния - Герцеговинанын Президенттик кеңешинин босниялык мүчөсү Денис Бечирович менен кеңештин серб мүчөсү Зелжка Цвиянович Кристонун өкмөт түзүү мандатын жактырса, хорват мүчөсү Зелько Комсич каршы чыкты.