Түркия-Ливия деңиз уруксаты келишими
Абдулхамид Дибейбе Сауд Арабиянын Аль-Хадес телеканалына берген маегинде, Түркия менен Ливиянын ортосунда түзүлгөн деңиз уруксаты келишими тууралуу билдирүү жасады.
Ливиянын премьер-министри Абдулхамид Дибейбе, Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы деңиз уруксаты келишиминин Ливиянын Жер Ортолук деңизиндеги деңиз жана экономикалык укуктарын кепилдикке алганын айтты.
Абдулхамид Дибейбе Сауд Арабиянын Аль-Хадес телеканалына берген маегинде, Түркия менен Ливиянын ортосунда түзүлгөн деңиз уруксаты келишими тууралуу билдирүү жасады.
Дибейбе: «Түркия менен түзүлгөн келишим Ливиянын Жер Ортолук деңизиндеги деңиз жана экономикалык укуктарын кепилдейт»,-деди.
Дибейбе Египеттин Ливия менен деңиз чек араларын аныктаганын жарыялаган чечимин да четке кагышкандарын белгилеп: «Деңиз чек аралары жана континенталдык шельф келишимдеринин бир тараптуу болушу мүмкүн эмес, Египеттин бул кадамын толугу менен четке кагабыз»,-деп айтты.
Египет менен Ливиянын ортосунда деңиз чек араларын аныктоо боюнча комиссия түзүлүп макулдашууга жетилишин талап кылган Дибейбе: «Келишим жок болсо да Бириккен Улуттар Уюму бар, сот бар, мыйзам бар. Эч ким жалгыз чечим чыгара албайт. Ливия тарапты алсыз деп эсептесе, биз аны четке кагабыз»,- деди.