Жапонияда калың жааган кардан каза тапкандардын саны 13кө жетти

Жапониянын түндүк жана батыш провинцияларында 17-декабрдан бери таасирдүү болгон калың жааган кар улам күчөп баратат.

1923230
Жапонияда калың жааган кардан каза тапкандардын саны 13кө жетти

Жапонияда бир жумадан бери жааган калың кардан улам каза болгондордун саны 13кө жетти.

Жапониянын түндүк жана батыш провинцияларында 17-декабрдан бери таасирдүү болгон калың жааган кар улам күчөп баратат.

Жапониянын өрт жана апаат башкаруу агенттигинин билдирүүсүнө караганда калың жааган кардын кесепетинен болгон апаат жана кырсыктарда каза болгондордун саны 13кө жетти.

Жабыркагандардын саны 80ден ашканы айтылды.

Өлкөнүн түндүгүндө поезд жана учак каттамдары үзгүлтүккө учураса, борбордук жана батыш аймактардын айрым пункттарында жолдор кыймылга жабылды.

Катуу шамалдан улам 10 миңден ашуун кожолук электр жарыгысыз калды.



Тектеш кабарлар