Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду

Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталары Жапониянын өзгөчө экономикалык аймагынан тышкары жерге түшкөнүн Жапониянын Коргоо министрлиги билдирди.

1923061
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын учурду

Жапон өкмөтү менен Түштүк Кореянын Штаб башчылыгы Түндүк Корея баллистикалык ракета сыноолорун өткөргөнүн жарыялашты.

Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталары Жапониянын өзгөчө экономикалык аймагынан тышкары жерге түшкөнүн Жапониянын Коргоо министрлиги билдирди.

Премьер-министрликке караштуу Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборуна шашылыш түрдө тиешелүү министрлик жана мекеме жетекчилери чогулду.

Жапониянын Жээк коопсуздук кызматынын (Кайхо) билдирүүсүндө ракета түшкөн аймакта багыт алган аба жана деңиз унааларында эч кандай зыянга учуроо болбогондугу белгиленди.

Жапон коомдук телеканалы NHK телеканалынын маалыматына караганда, Пхеньян администрациясы жыл башынан бери 36 жолу ракета учурган.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө Түндүк Кореянын Сунан аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:32де Жапон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында эки кыска баллистикалык ракета учурганы белгиленди.



Тектеш кабарлар