Россиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев  Кытайга күтүлбөгөн сапар менен барды

Медведев соцтармактан жарыялаган видеодо сапарында Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолукканын жарыялады.

1921869
Россиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев  Кытайга күтүлбөгөн сапар менен барды

Медведев соцтармактан жарыялаган видеодо сапарында Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолукканын жарыялады. Учурда Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басарлыгын аткарган Медведев жолугушууда  Россия менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, эки өлкөнүн кызматташтыгы жана Украинадагы кризисти талкуулашкандарын билдирди.

Кытай маалымат агенттиги Синьхуа  сапар тууралуу бир сүйлөмдүк кабарда Бирдиктүү Россия партиясынын лидери Медведевдин Кытай Коммунисттик партиясынын чакыруусу менен Кытайга сапар менен келгендиги, Кытай Коммунисттик партиясынын лидери жана мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушкандыгы белгиленди.

Мурунтадан жарыяланбаган сапар Россия менен Кытайдын деңиз флотторунун Тынч океанда аткарган «Деңиз кызматташуусу 2022» машыгуусу башталган күнгө туш келди.

Медведевдин жолугушууда «Украина кризиси талкууланды» деген билдирүүсү Кытайдын февраль айында Россиянын аскердик операциялары менен башталган кризиске карата позициясынын кандай өнүгө турганы боюнча суроолорду жаратууда.

Кытай Украина кризисинин башталышынан тарта Россияга каршы «оккупация», «чабуул» деген сөздөрдү жана «айыптоо» дегенди билдире турган сөздөрдү колдонуудан алыс болуп, БУУнун Башкы ассамблеясынын айыптоо чечиминен баш тарткан.

Президент Синин  24 - февралда Украинадагы согуш башталаардан мурда  Пекин Кышкы Олимпиадалары учуурнда орус  кесиптеши Владимир Путин менен жолугушууда «эки өлкөнүн достугунда чек жок экендигин»  билдирүүсү  Батыш өлкөлөрү тарабынан Москванын  Украинада баштата турган аскердик операциясына жабык түрдөгү колдоо катары   чечмеленди.

Согуштан улам Батыштын Россияга экономикалык санкция салуусунан кийин Москва менен Пекиндин ортосундагы  соода көлөмүнүн өскөндүгү байкалган.

Кытай лидери  Россиянын президенти Путин катышпаган 15 – 16 - ноябрь күндөрү Индонезияда өткөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин жыйынтык декларациясында Украина согушунда өзөктүк курал колдонуу коркунучуна каршы бирдиктүү позицияга кол койгон.



Тектеш кабарлар