Кытай - Россия биргелешкен машыгуусу

Машыгуунун тараптардын деңиз коопсуздугу коркунучтарына каршы биргелешип аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү жана чечкиндүүлүгүн көрсөтүүнү максат кылганы белгиленди.

1921982
Кытай  -  Россия биргелешкен машыгуусу

Кытай менен Россиянын деңиз күчтөрү Тынч океанда, Чыгыш Кытай деңизинин жээгинде бүгүнтөн тарта 7 күнгө созула турган биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүдө.

Кытайдын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгынын алкагында жыл сайын өткөрүлүүчү «Биргелешкен деңиз 2022» машыгуусунун Кытайдын чыгышындагы Цицян провинциясынын Кушан жана Тайкоу шаарларынын ортосундагы жээк сызыгында өткөрүлө турганы билдирилди.

Билдирүүдө машыгуунун тараптардын деңиз коопсуздугу коркунучтарына каршы биргелешип аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрүү жана чечкиндүүлүгүн көрсөтүүнү максат кылганы белгиленди.

Эки өлкөнүн эл аралык жана аймактык тынчтык менен ырааттуулуктун сакталышына салым кошууну максат кылганы баса белгиленген билдирүүдө, максаттын жаңы мезгилде Кытай менен Россиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык координация өнөктөштүгүн тереңдетүү экендиги маалымдалды.

Россиянын Коргоо министрлиги да машыгуунун негизги максатынын эки өлкөнүн деңиз кызматташтыгын өнүктүрүү жана Азия - Тынч океан аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу экендигин билдирди.

 



Тектеш кабарлар