Грек басма сөзү : "Түркиянын байланыш күчү Грециядан дагы жакшы"
Грек басма сөзүндө жарыяланган анализде Түркиянын көз карашын эл аралык аренада билдирүүдө Грецияга караганда ийгиликтүү экендиги белгиленди.

Грек басма сөзүндө жарыяланган анализде Түркиянын көз карашын эл аралык аренада билдирүүдө Грецияга караганда ийгиликтүү экендиги белгиленди.
«Катимерини» газетасында жарыяланган Василис Недостун анализинде Грециянын эл аралык аренада негизги улуттук көз караштарын билдирүү процессин жаңы үйрөнчүк катары башкарганы белгиленген.
Анализде Түркиянын өз үгүттөөсүн калыптандырууда президенттиктин коммуникация башкармалыгы көп убакыт мурун белгилеген жолду кармагандыгы баса белгиленип, Грециянын болсо «эч кимге жооп бербөө» боюнча тактикасын колдонгондугу сынга алынды.
Анализде Түркия үчүн : "Бирок Анкара ар бир жолу столго жаңы маселе кошуу менен өз сызыгын ачып көрсөтүүгө жетишүүдө»,- деп айтылып, Түркиянын байланыш күчү Грециядан жакшы экени белгиленди.
Анализде Грециянын маалымат таратуу механизми жана эффективдүү элдик дипломатия жагынан жетишсиз экени белгиленип, учурдагы реалдуулуктардын Греция тарабынан да көз жаздымда калганы белгиленди.
Тектеш кабарлар

Түркия-Орусия жаратылыш газ борборун түзүү долбоору
Песков борбор шаар Москвада актуалдуу темалар тууралуу журналисттерге маалымат берди.