Лос - Анжелесте үй - жайсыз адамдар мейманканаларга жайгаштырылат
Лос - Анжелес шаарынын мэри Карен Басс ишке киргизе турган жаңы программанын негизинде шаардагы болжол менен 40 миң үй - жайсыз адамдын мейманканаларга жайгаштырыларын айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын Лос - Анжелес шаарынын мэри Карен Басс ишке киргизе турган жаңы программанын негизинде шаардагы болжол менен 40 миң үй - жайсыз адамдын мейманканаларга жайгаштырыларын айтты.
NBC каналына маалымат берген Басс Лос - Анжелестин айрым аймактарында чатырларда жашаган үй - жайсыздарды ушул жумада мейманканаларга көчүрүү үчүн иштеп баштай тургандарын билдирди.
Басс үй - жайсыздарды мейманкана бөлмөлөрүнө жайгаштыруунун биринчи этапта бардыгын камтыбай турганын, бирок мунун туура кадам катары үй - жайсыздык маселесинин чечилишине чоң таасирин тийгизерин белгиледи.
Демократ мэр 4 миллион калктуу шаарда 40 миңге жакын үй - жайсыз адамдын бар экенин жана алардын 17 миңин убактылуу же туруктуу турак жайларга жайгаштыруунун максат кылынгандыгын айтты.
Үй – жайсыз адамдардын укуктарын коргогон бейөкмөт уюмдар да адамдарды жамааттык баш калкалоочу жайлардан же чатырлардан мейманканаларга жайгаштыруу идеясын колдошорун билдиришти.
Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюом да 2020 - жылы Ковид-19 эпидемиясынан мурда үй - жайсыз адамдарды мейманканаларга жайгаштыруу идеясын көтөрүп, штаттын шаар жана аймактык өкмөттөрүн ылайыктуу мейманканаларды колдонууга жана турак жайга айландыруу тууралуу колдогон.