Кытай менен Орусиянын деңиз флоттору машыгуу өткөрөт
Машыгуу 21-27-декабрдын аралыгында өтөт.

Кытайдын Коргоо министрлиги 21-27-декабрда Орусиянын деңиз флоту менен «Joint Sea-2022» (Биргелешкен деңиз-2022) машыгуусу өткөрүлөрүн кабарлады.
Кытайдын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, машыгуунун максатынын жаңы мезгилде Кытай менен Орусиянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык координация өнөктөштүгүн дагы да тереңдетүү экени белгиленип: «Кытай жана орус армиялары 21-27-декабрдын аралыгында эки өлкөнүн деңиз күчтөрүнүн ортосунда Чжушандын чыгышынан Тайчжоуга чейинки сууларда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт. Бул биргелешкен машыгуунун максаты эки тараптын деңиздеги коопсуздук коркунучтарына биргелешип жооп кайтаруу, эл аралык жана аймактык тынчтык менен туруктуулукту сактоо, жаңы мезгилде Кытай-Орусия ар тараптуу стратегиялык координация өнөктөштүгүн дагы да тереңдетүү чечкиндүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү болуп саналат»,-деп айтылды.