Зеленский электр энергиясындагы үзгүлтүктөргө токтолду

Зеленский өзүнүн Telegram эсебинде бөлүшкөн видео кайрылуусунда орус армиясынын жума күнү Украинанын көптөгөн аймактарына ракеталык кол салууларында энергия өткөргүч линияларынын зыянга учураганын айтты.

1920254
Зеленский электр энергиясындагы үзгүлтүктөргө токтолду

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салууларында энергетика инфраструктураларына зыян келтиргендиктен көптөгөн аймактарда электр энергиясын өчүрүүлөрүнүн уланып жатканын, эң чоң өчүрүүлөр Киевде болгонун айтты.

Зеленский өзүнүн Telegram эсебинде бөлүшкөн видео кайрылуусунда орус армиясынын жума күнү Украинанын көптөгөн аймактарына ракеталык кол салууларында энергия өткөргүч линияларынын зыянга учураганын айтты.

Украинанын көптөгөн аймактарында суу жана электр кызматтары жагынан көйгөйлөр бар экенин белгилеген Зеленский : «Киевде абал начар. Винница, Львов жана аймактарында да көйгөй бар»,-деди. 

Зеленский союздаштарынан абадан коргонуу системалары боюнча көбүрөөк жардам күтөөрүн белгилеп:«Ошентип, орус террорунун негизги режими (ракеталык террор) мүмкүн болбой калат",-деп айтты.



Тектеш кабарлар