Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынады

Жапониянын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын 2 баллистикалык ракетасын сынаганын жана ракеталардын Жапониянын өзгөчө экономикалык аймагынын сыртына түшкөнүн жарыялады.

1920251
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынады

Жапон өкмөтү менен Түштүк Кореянын биргелешкен штаб башчылары Түндүк Корея баллистикалык ракета сыноолорун өткөргөнүн жарыялашты.

Жапониянын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын 2 баллистикалык ракетасын сынаганын жана ракеталардын Жапониянын өзгөчө экономикалык аймагынын сыртына түшкөнүн жарыялады.

Түштүк Кореянын Башкы штаб башчыларынын маалыматы боюнча, ракеталар Түндүк Пхеньян аймагынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.13 жана 12:05те Жапон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында учурулган.

Башкы штаб башчылыгынын билдирүүсүндө, "Көзөмөл жана байкоо иштери күчөтүлүп, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен тыгыз кызматташтык уланууда",-деп айтылды.

Жапониянын NHK коомдук телеканалынын маалыматына караганда, ракеталар түшкөн аймакта деңизди жана учактарды кыдырып жүргөн эч кандай зыян аныкталган жок.

Белгилүү болгондой, Пхеньян администрациясы ушул жылдын башынан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларын бузуу менен 35 жолу ар кандай аралыкка 60тан ашык ракета учурган.

Йонхап агенттиги кечээ Түндүк Кореяда мурдагы лидер Ким Чен Ирдин өлүмүнүн 11 жылдыгына карата эскерүү аземи болгонун эске салды.

Бир тараптан жума ичинде Түштүк Кореяда жайгашкан «АКШ күчтөрү Кореянын» (USFK) курамында «АКШ Космос күчтөрү Корея командирлиги» түзүлдү.



Тектеш кабарлар