Ирандагы демонстрацияларда 469 адам каза болду

IHRдин интернет сайтында жарыяланган кабарда каза болгон демонстранттардын 32си аялдар, 63ү 18 жаштан кичүүлөр экени белгиленди.

1920385
Ирандагы демонстрацияларда 469 адам каза болду

Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан Иран адам укуктары уюму (IHR) Ирандагы демонстрацияларда каза болгондордун саны 469га жеткенин жарыялады.

IHRдин интернет сайтында жарыяланган кабарда каза болгон демонстранттардын 32си аялдар, 63ү 18 жаштан кичүүлөр экени белгиленди.

Өлкөдөгү 31 провинциянын 25ине байланыштуу маалыматтар камтылган отчетто эң көп курмандыктардын суннилер көп жашаган Систан-Белужистан провинциясында болгону белгиленди.

Отчетто Систан-Белужистанда 130, Күрдистанда 53, Батыш Азербайжанда 54, Тегеранда 50, Мазандаранда 38, Керманшахта 25, Гиланда 26, Элборздо 20, Исфаханда 14, Хузестанда 10, Фарста 11, Разави Хорасанда 7, Чыгыш Азербайжанда 4, Лористан, Занжан, Меркез, Казвин жана Хамаданда үчтөн, Кохгилуйе-Буйер Ахмед, Ардебил, Илам, Бушер жана Хурмузганда экиден, Симнан жана Гулистанда бирден демонстранттын каза тапканы жазылган.

Бир тараптан отчетто демонстрацияларда кармалгандардын эң аз 39унун иш материалдарынын өлүм жазасына тартуу өтүнүчү менен сотко жиберилгени, бул кишилерден 11инин өлүм жазасына кесилгени белгиленди.

Риза Исламдост, Эйюб Агляни, Ферзад Техзаде, Хеджир Ахмади, Химен Шахи жана Мухаммед Буругани өзүнчө түрмөгө которулуп, өлүм жазасын күтүп жатканы белгиленген.

13-сентябрда Тегеранда «адеп-ахлак полициясы» деп аталган Иршад патрульдары тарабынан кармалгандан кийин ооруп, ооруканага жеткирилген 22 жаштагы Махса Эмининин 16-сентябрда каза болушу өлкөнүн өкмөтүнө каршы нааразылык акцияларын жаратты.

Митингде кармалгандардын экөөсү аларга карата чыгарылган өкүм менен өлүм жазасы аткарылды.



Тектеш кабарлар