АКШнын аэропортторунда ок атуучу куралдар колго түшүрүлдү, куралын тапшыргандарга акча

АКШнын Транспорт коопсуздугу башкармалыгынын билдирүүсүндө, быйыл аэропорттун коопсуздук пункттарында колго түшүрүлгөн ок атуучу куралдардын саны ушул күнгө чейин эң көп болгондугу белгиленди.

1920310
АКШнын аэропортторунда ок атуучу куралдар колго түшүрүлдү, куралын тапшыргандарга акча
new yok silahini teslim edene para.jpg
abd silah.jpg

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) быйыл аэропорттордун көзөмөл-өткөрмө пункттарында 6301 ок атуучу курал колго түшүрүлдү.

АКШнын Транспорт коопсуздугу башкармалыгынын билдирүүсүндө, быйыл аэропорттун коопсуздук пункттарында колго түшүрүлгөн ок атуучу куралдардын саны ушул күнгө чейин эң көп болгондугу белгиленди. Былтыр бул сан 5 миң 972 болгон.

Билдирүүдө алынган ок атуучу куралдардын 88 пайызынын октолгондугу белгиленген.

АКШда авиакомпанияны колдонгон жүргүнчүлөр бош болсо, ок атуучу куралдарын багажына сала алышат. Жүргүнчүлөр мылтыктарын алып жүрүүгө уруксаты бар болсо да, колдорунда же кабинада кармай алышпайт.

Өлкөдө кол жүгүндө куралы барларга колдонулуучу жаза 13 миң 910 доллардан 14 миң 950 долларга көтөрүлдү.

Ошол эле учурда АКШнын Нью-Йорк штатында куралсызданууну кубаттоо максатында «Куралын алып келгендерге 500 доллар» акциясы башталды.

Бруклин округунун прокурору Эрик Гонсалес жана Нью-Йорк полиция департаменти (NYPD) тарабынан колдоого алынган кампания ок атуучу куралын тапшырган адамга куралдын түрүнө жараша 50 доллардан 500 долларга чейин төлөйт.

50, 150 жана 500 долларлык белек карталары мылтыгын алып келген ар бир адамга өздүгү же суроосу жок берилет.

 



Тектеш кабарлар