Зеленский : "Россиянын жетиштүү ракета запасы бар"

Зеленский Telegram аккаунтунда бөлүшкөн видео кайрылуусунда элге кайрылып, кечээ орус күчтөрүнүн Украинанын негизги инфраструктураларына жасаган ракеталык чабуулуна баа берди.

1920088
Зеленский : "Россиянын жетиштүү ракета запасы бар"

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Украинага карата бир канча чоң чабуул жасоо үчүн жетиштүү ракета запасынын бар экендигин белгиледи.

Зеленский Telegram аккаунтунда бөлүшкөн видео билдирүүсүндө элге кайрылып, кечээ орус күчтөрүнүн Украинанын негизги инфраструктураларына жасаган ракеталык чабуулу тууралуу маалымат берди.

Орус армиясы тарабынан өлкөсүнө карата атылган 60 ракетанын абада жок кылынганын белгилеген Зеленский  эффективдүү иш - аракеттери үчүн абадан коргонуу күчтөрүнө ыраазычылык билдирди.

Орус кол салууларында борбор шаар Киевдин да бутага алынганын белгилеген Зеленский : «Өлкөнүн борбордук аймактарында жана Киевге жакын жерде 40тан ашуун террордук ракета жок кылынды»,- деди.

Кол салууларда Криви Рог шаарындагы бир үйгө ракетанын келип түшүшү менен 3 жарандын каза болгонун, 10 кишинин да жараланганын белгилеген Зеленский ракеталык кол салуулардын негизинен жарандык жана энергетикалык инфраструктураларды бутага алганын айтты.

Кол салуулардан улам 14 аймакта электр энергиясынын үзүлгөнүн белгилеген Зеленский Киев жана анын айланасындагы райондордо суунун үзгүлтүккө учурагандыгын айтты.

«Россия ушуга окшогон бир нече чоң чабуулдар үчүн жетиштүү ракеталарга ээ»,- деген Зеленский: «Бизде бул соккулардан кийин өз күчүбүзгө кайтуу үчүн жетиштүү чечкиндүүлүк жана ишеним бар»,-деди.

Зеленский эл аралык өнөктөштөрүн Украинаны абадан коргонуу системалары менен камсыздоого чакырды.



Тектеш кабарлар