Хорватия Украина аскерлеринин өлкөдө машыгуусун жактырган жок

Парламент  Европа Биримдигинин Аскердик жардам миссиясынын бир бөлүгү катары Украина аскерлеринин Хорватияда машыктырылышына байланыштуу сунушту кабыл албады.

1920161
Хорватия Украина аскерлеринин өлкөдө машыгуусун жактырган жок

Хорватия парламенти Украина аскерлеринин өлкөдө машыктырылышына байланыштуу сунушту жактырган жок. 

Парламент  Европа Биримдигинин Аскердик жардам миссиясынын бир бөлүгү катары Украина аскерлеринин Хорватияда машыктырылышына байланыштуу сунушту кабыл албады. 

Өлкөдө  көп убакыттан бери талаш  - тартыштарга себеп болгон, 100гө жакын украиналык аскердин өлкөдө машыктырылышына байланыштуу сунушту четке каккан депутаттардын айрымдары чечимди өкмөт жана президенттин биргелеше чыгарышы керектигине ишенгендерин, антпесе мунун конституцияга терс болорун билдиришти.

Чечимди кабыл алуу үчүн 101 добуш керек болгон парламенттеги отурумда 97 депутат украиналык аскерлердин өлкөдө машыгуусуна добуш берсе, 10 депутат каршы добуш берди. 

Хорватиянын премьер - министри Андрей Пленкович Украина аскерлеринин өлкөдө машыгуусун жактаса, президент Зоран Миланович мындай кадам  өлкөсүн  “керексиз жерге ” согушка тартарын айтууда.



Тектеш кабарлар