Борбордук Африка Республикасында Орус үйүнө келген пакет жарылды

Пакетти ачкан Орус үйүнүн директору Дмитрий Сытый жаракат алды.

1920171
Борбордук Африка Республикасында Орус үйүнө келген пакет жарылды

 Борбордук Африка Республикасында маданий борбор катары иш алып барган Орус үйүнө жиберилген бир пакет жарылды.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Чет өлкөдө жашаган жарандардын жана Эл аралык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин (Россотрудничество) башчысы Евгений Примаковдун соцтармактан берген билдирүүсүнө караганда, Борбордук Африка  Республикасынын борбор шаары Бангидеги Орус үйүнө карата террордук кол салуу жасалды. Борборго почта аркылуу келген пакетти Орус үйүнүн директору Дмитрий Сытыйдын ачуусу менен жарылуу болуп, Сытый жаракат алып, ооруканага жаткырылды.

Россиянын  Банги элчилигинин билдирүүсүндө борбордо жарылган пакеттин белгисиз жерден келгени жана элчиликте коопсуздук чараларынын күчөтүлгөндүгү билдирилди.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги да кол салууну айыптаган билдирүү жарыялады.

Борбордук Африка Республикасынын жооптуу органдары тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кол салууну уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жооптуулардын аныкталып, жазаланышы талап кылынган билдирүүдө : «Бангидеги Орус үйүнүн иштерине тоскоол болууну жана эки өлкөнүн ортосундагы достук карым  - катнаштардын ийгиликтүү өнүгүшүнө доо кетирүүнү максат кылган бул кол салууну катуу айыптайбыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар