Орусияда тик учак кулап түштү

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

1919958
Орусияда тик учак кулап түштү

Орусияга караштуу Бурятия Автономиялуу Республикасында тик учактын кулашынан 3 адам каза болду.

Бурятия Автономиялуу Республикасынын борбору Улан-Удэде МИ-8 тибиндеги тик учак, Байкал аэропортуна конуп жатканда күйүп кетти.

Куткаруучулардын бардык кийлигишүүсүнө карабастан тик учак кыска убакыттын ичинде күлгө айланды.

Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов социалдык тармактагы баракчасынан, тик учактын үч кызматкеринин да каза болгонун билдирди.

Цыденов: «Жаңы гана өндүрүштөн чыккан тик учак сатып алуучуга бериле элек жана колдонула элек болчу»,-деди.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Өрт тик учактын кыймылдаткычтарынан чыккан болушу мүмкүн деп эсептелүүдө.



Тектеш кабарлар