Босния  - Герцеговинага талапкерлик статусуна ээ болду

Босния - Герцеговинанын сүйлөшүү процессин башташы үчүн «14 алдыңкылык» катары билинген беренелерди ишке ашырышы керек.

1919840
Босния  - Герцеговинага талапкерлик статусуна ээ болду

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушкан Европа Биримдигинин лидерлери Босния  - Герцеговина 7 жыл мурда Европа Биримдигине  мүчөлүк үчүн берген арызын талкуулашты.

Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Европа иштери боюнча жооптуу министрлерден алган сунуш чечими лидерлер тарабынан кабыл алынды.

Босния – Герцеговина  расмий түрдө Европа Биримдигине талапкерлик статусуна ээ болду.

Босния - Герцеговинанын сүйлөшүү процессин башташы үчүн «14 алдыңкылык» катары билинген беренелерди ишке ашырышы керек.

Түркия Босния  - Герцеговинага талапкерлик статусунун берилиши менен куттуктады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө : «Европа Биримдигинин Босния  -  Герцеговинанын жана аймактын тынчтык жана туруктуулугуна салым кошорун ойлоп жатабыз»,- деп билдирилди.

Косованын премьер  - министри Албин Курти да өлкөсүнүн Европа Биримдигине мүчөлүк үчүн кайрылуусун Чехиянын кезектешкен башкаруучулугуна тапшырды.

Чехиянын Европа Биримдиги министри Микулас Бек Косованын Европа Биримдигине мүчөлүк процессин  колдой тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар