Зеленский: "Орус армиясы Украинага кол салды"

Виталий Кличко да өзүнүн Telegram аккаунтундагы билдирүүсүндө, шаар жана анын айланасында эртең менен 10 учкучсуз аппараттын атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.

1918820
Зеленский: "Орус армиясы Украинага кол салды"

Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус күчтөрү тарабынан эртең менен Украинанын аймагына учурулган 13 учкучсуз учуучу аппараттын абада жок кылынганын билдирди.

Зеленский Telegram баракчасынан бөлүшкөн видео кайрылуусунда орус армиясынын таң эрте 13 учкучсуз аппарат менен Украинага чабуул койгонун айтып: «Террористтер бүгүн эртең менен 13 Шахидди (Иран өндүрүшү пилотсуз аппарат) учурушту. 13үнө тең Украинанын абадан коргонуу системалары сокку урду»,-деди.

Борбор калаанын мэри Виталий Кличко да өзүнүн Telegram аккаунтундагы билдирүүсүндө, шаар жана анын айланасында эртең менен 10 учкучсуз аппараттын атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынган учкучсуз учуучу аппараттын бөлүктөрү Киевдин Шевченковский районундагы имаратка тийип, зыянга учурады.

Дрондун кыйрашынан кийин болгон жарылуулардын айынан коңшулаш айрым үйлөрдүн терезелери талкаланып, чатырлары бузулду.



Тектеш кабарлар