Сомалиде 8 миллион адам жетерсиз тамактанууда

БУУ тарабынан жарыяланган отчетто 2020 - жылдан бери Сомалиде жаан - чачындын жетишсиздигинен улам кургакчылыкка байланыштуу азык - түлүк маселесинин бар экендиги белгиленди.

1918683
Сомалиде 8 миллион адам жетерсиз тамактанууда

Сомалиде уланып жаткан азык - түлүк маселесинен улам 8 миллион адам жетишсиз тамактанууда.

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жарыяланган отчетто 2020 - жылдан бери Сомалиде жаан - чачындын жетишсиздигинен улам кургакчылыкка байланыштуу азык - түлүк маселесинин бар экендиги белгиленди.

Өлкөдө болжол менен 8 миллион кишинин жетишсиз тамактанганы белгиленген отчетто кургакчылыктын улана турганы жана учурдагы абалдын дагы да начарлашы мүмкүн экендиги маалымдалды.

Кургакчылыкка байланыштуу азык - түлүк маселесинин көптөгөн аймактарды, өзгөчө өлкөнүн түштүк - батыш бөлүгүн жана борбор шаар Могадишо менен бирге бир топ айакты  таасир астына алары болжолдонууда.

Көбүнчө мал  чарбачылыгы менен күн көргөн   Сомали элинин көбү кургакчылык жана кагылышуулардан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. 

 

 



Тектеш кабарлар