Латвияда үч саясий партия коалиция өкмөтүн түзүү үчүн келишти

Жаңы биримдик, Бириккен тизме жана Улуттук союздаштык партиясынан турган жаңы өкмөткө байланыштуу ишеним добушунун бүгүн берилиши күтүлүүдө.

1918921
Латвияда үч саясий партия коалиция  өкмөтүн түзүү үчүн келишти

Латвиядагы үч саясий партия шайлоодон  2 жарым ай өткөндөн кийин коалиция өкмөтүн түзүү үчүн келишимге кол койду.

Жаңы биримдик, Бириккен тизме жана Улуттук союздаштык партиясынан турган жаңы өкмөткө байланыштуу ишеним добушунун бүгүн берилиши күтүлүүдө.

Өкмөт түзүү келишиминен мурда тараптар өкмөттүн декларациясы, кызматташуу жана финансылык тартип боюнча макулдашуунун үстүндө иш алып барышкан.

Жаңы кабинетти 1 -  октябрдагы жалпы шайлоодо 19 пайыз менен эң көп добуш алган премьер  - министр Крисжанис Каринстин бийликтеги  борбордук оңчул Жаңы биримдик партиясы жетекчилик кылат.

Кичи өнөктөштөр  консервативист Улуттук союздаштык  жана  жаңы борборчул шайлоо альянсы Бириккен тизме болот.

Тараптар жаңы өкмөттүн ишин  өзгөчө  Латвиянын коопсуздугу, билим берүү, энергетика, конкуренциялык күчү жана турмуштук сапаты тармактарында ишин аткивдештирүүгө убада берди.

 



Тектеш кабарлар