ЕБ Израиль-Палестина маселесинде эки мамлекеттүү чечимге дагы бир жолу басым жасады

Франциянын Страсбург шаарында өткөрүлгөн Европарламенттин башкы ассамблеясында «Израиль-Палестина үчүн эки мамлекеттүү чечим мүмкүнчүлүктөрү» аттуу сессияда ЕБ комиссары Хелена Далли Европа Биримдиги комиссиясынын атынан сөз сүйлөдү.

1918583
ЕБ Израиль-Палестина маселесинде эки мамлекеттүү чечимге дагы бир жолу басым жасады

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы көптөн бери жактап келген Израиль-Палестина маселесинде эки мамлекеттүү чечимге дагы бир жолу басым жасады.

Франциянын Страсбург шаарында өткөрүлгөн Европарламенттин башкы ассамблеясында «Израиль-Палестина үчүн эки мамлекеттүү чечим мүмкүнчүлүктөрү» аттуу сессияда ЕБ комиссары Хелена Далли Европа Биримдиги комиссиясынын атынан сөз сүйлөдү.

Далли быйыл 120 палестиналыктын израилдик күчтөр тарабынан өлтүрүлгөнүн белгилеп: «БУУ каза болгондордун санын системалуу түрдө каттай баштаган 2005-жылдан бери, 2022-жыл Батыш Шериада палестиналыктардын эң көп өлүмү катталган жыл болду»,- деди.

Далли ошондой эле 2022-жылдын палестиналык балдар үчүн эң көп өлүм катталган жыл болгонун, 34 палестиналык баланын Израиль аскерлери же отурукташкан жерине келгендер тарабынан өлтүрүлгөнүн белгиледи.

Израилдеги кол салууларда 20 израилдиктин каза болгонун белгилеген Далли Израилдин андан кийин Палестинада көптөгөн кол салууларды кылганын эске салды. Тараптарды сабырдуулукка чакырып, Далли мындай деди: «Күч колдонуу ченемдүү жана эл аралык укукка ылайык болушу керек»,-деп айтты.

Далли бул негизде Израиль-Палестина маселесине эки мамлекеттүү чечим алыс көрүнгөнүн сөз кылып: «Бирок башка альтернатива жок. Эки мамлекеттүү чечим эки тараптын элдерине тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана тең укуктарды алып келүүнүн эң мыкты жолу. Ошондуктан ЕБ Жакынкы Чыгыш Тынчтык жараянын жандандыруунун жолдорун издөө үчүн АКШ жана Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү менен активдүү иштешүүдө»,-деп айтты.

Израилдин кээ бир араб өлкөлөрү менен карым-катнаштарды нормалдаштыруу үчүн келишим түзгөнүн эске салган Далли, бул абалды Жакынкы Чыгыш Тынчтык процессин ылдамдатуу үчүн колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатышкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар