Доха 2023 араб туризм борбор шаары
Араб лигасынын алдында иш алып барган Араб туризм уюму Катардын борбору Доханы «2023-жылдын араб туризм борбору» деп жарыялады

Араб лигасынын алдында иш алып барган Араб туризм уюму Катардын борбору Доханы «2023-жылдын араб туризм борбору» деп жарыялады.
Катардын расмий кабар агенттиги QNAдагы кабарга караганда, Араб туризм уюмунун министрлер кеңешинин 25 - жыйыны Египеттин борбор шаары Каирдеги Араб лигасынын борборунда өткөрүлдү.
Жыйында Доха «2023 арап туризминин борбор шаары» деп жарыяланды.
Катардын Арап лигасынын туруктуу өкүлү Салим Мүбарек Али Шафи Доханын тандалышынан улам Арап туризм уюмуна ыраазычылык билдирди.
Бул тандоо менен Доханын 2022 ФИФА дүйнөлүк чемпионатын өткөрүү менен бардык арап элдери жана дүйнө өлкөлөрү кызыккан жер болгондугунун көрсөткүчү экендигин айткан Ал Шафи сөзүн төмөнкүчө улантты : «Катар дүйнө чемпионаты менен өзүнүн жакшы уюштуруучулук күчүн далилдеди. Дүйнөлүк чемпионатты көргөн жер жзүндөгү миллиондогон адам да сабырдуулукка жана жакшы мамилеге жана меймандостукка күбө болушту. Муну менен Катар дүйнөлүк чемпионатты өткөрө албайт деген жалгандарды жайылткандардын аракетинин текке кетти».
Катардын 2022 ФИФА дүйнөлүк кубогунун ийгилигинин бардык арабдар үчүн ийгилик катары кабыл алынганын белгилеген Ал Шафи бул ийгиликтин Доханын 2023 - жылы Араб туризминин борбору катары тандалышы менен далилденгенин айтты.