Зеленский Россияны рождество майрамында аскердик бөлүктөрүн чегинтүүгө чакырды

Зеленский Германия кезектешкен башкаруучулугун аткарган чоң жыйырмаларга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн онлайн жыйынга видеоконференция аркылуу катышты.

1918202
Зеленский Россияны рождество майрамында аскердик бөлүктөрүн чегинтүүгө чакырды

 Украинанын президенти Владимир Зеленский келерки күндөрдө майрамдала турган рождестводо аскердик бөлүктөрүн чегинтүү боюнча Россияга чакыруу салды.

Зеленский Германия кезектешкен башкаруучулугун аткарган чоң жыйырмаларга кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн онлайн жыйынга видеоконференция аркылуу катышты.

Өлкөсүндө Россияга каршы согуштун көптөгөн айлардан бери уланып жаткандыгын айткан Зеленский Украинага берген аскердик, социалдык жана каржылык жардамдарынан улам чоң жыйырмалыктарга  ыраазычылык билдирди.

Согуш уланып жаткан Укрананын күчтүү бир тилектештикке муктаж экендигин айткан Зеленский : «Келерки жылы да тилектештигиңиздерди улантууңуздарды суранам. Россия кол салууларын улантууда жана ушул себептен Украинага карата колдоо улантылыш керек»,- деди.

Россиянын  Украинага салыштырмалуу ракета жана артиллериялык системалары көп экенине көңүл бурган Зеленский, өлкөсүнө курал жардамын көбөйтүү керектигин айтты.

Орус армиясынын Украинадагы маанилүү энергетикалык инфраструктураларды бутага алуу менен Украинаны эле эмес, Европа өлкөлөрүн да энергетикалык кырсыкка сүйрөөгө аракет кылып жатканын белгилеген Зеленский : «Сиздерди жаратылыш газ тууралуу Украинага берилген жардамдарды көбөйтүүгө чакырам»,- деди.

Зеленский Украина сунуш кылган тынчтык формуласын ишке ашыруу үчүн эл аралык форум уюштурулушу керектигин белгиледи.

Россияны  конкреттүү чечим процесси үчүн керектүү кадамдарды таштоого чакырган Зеленский рождествонун алдыдагы күндөрдө дүйнө жүзү боюнча белгилене турганын эске салып, Россияны майрам учурунда армиясын Украинадан чегинтүүгө чакырды.

Россияга сунуштаган чечим ишке ашса тынчтыкка жетишүү мүмкүн экенине ишенгенин айткан Зеленский эми Москвадан кабар күтө тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар