Украинанын Афина элчилигине кандуу пакет жиберилди

Пакеттер Венгрия, Нидерландия, Польша, Хорватия жана Италиядагы элчиликтерге, Неаполдогу жана Краковдогу консулдуктарга, Брнодогу консулдуктарга жиберилген.

1918302
Украинанын Афина элчилигине кандуу пакет жиберилди

Украинанын Афина элчилигине жаныбардын көздөрү салынган кандуу пакет жиберилди.

 Грециянын полиция кызматы (ELAS) тарабынан берилген билдирүүгө караганда, кечээ эртең менен Филотей аймагындагы Украина элчилигинин алдында жаныбардын көзү салынган кандуу пакет табылды. Окуя  боюнча иликтөө иштери башталды.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги 2-декабрдагы билдирүүсүндө, Украинанын чет өлкөдөгү көптөгөн элчиликтерине жаныбарлардын көздөрү салынган "кандуу пакеттер" жөнөтүлгөнүн билдирген.

Пакеттер Венгрия, Нидерландия, Польша, Хорватия жана Италиядагы элчиликтерге, Неаполдогу жана Краковдогу консулдуктарга, Брнодогу консулдуктарга жиберилген.



Тектеш кабарлар