Путин жылдык пресс - жыйынын өткөрбөйт

Кремлден берилген билдирүү менен Путиндин күн тартибине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берген жылдык пресс - жыйындагы белгисиздик такталды.

1918499
Путин жылдык пресс  - жыйынын өткөрбөйт

Россиянын президенти Владимир Путин акыркы 10 жылда үзгүлтүксүз өткөргөн жыл акырындагы пресс  - жыйынын биринчи жолу өткөрбөйт.

Кремлден берилген билдирүү менен Путиндин күн тартибине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берген жылдык пресс - жыйындагы белгисиздик такталды.

Путиндин жылдык маалымат жыйынын бул жылдын аягына чейин өткөрбөй турганын белгилеген Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков : «Муну менен бирге  чет өлкөгө жасаган сапарларында иреттүү түрдө аткаргандай эле  журналисттер менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп ойлоймун»,- деди.  

Пресс  - жыйындын келерки жылга кечеңдетилиши менен Путин башкаруу учурунда экинчи жолу бул иш  -  чараны аткарбаган болот. Ушундайча Путин акыркы 10 жылдан бери биринчи жолу пресс  - жыйын менен журналисттердин алдына чыкпайт.

2001 - жылдан бери салттуу түрдө жыл сайын декабрь айында маалымат жыйынын өткөрүп келген Путин бул жолугушууну 2005 - жылы биринчи жолу өткөргөн эмес.

2009 – 2011 - жылдары да бул жыйындарды премьер - министр болгондуктан бул жолугушууларды өткөрбөгөн Путин 2020 - жылы эпидемиядан улам онлайн  жыйынга катышып, журналисттердин суроолоруна жооп берген.

 



Тектеш кабарлар