G7 өлкөлөрү Украинага колдоосун кайталашты
Чоң жетилик өлкөлөрү биргелешкен билдирүү жарыялашты.

АКШ, Канада, Германия, Англия, Франция, Италия жана Япониядан турган Чоң жетилик өлкөлөрү жарыялашкан биргелешкен билдирүүсү менен Украинага колдоо көрсөтүү убадаларын кайталашты.
Кезектешкен төрагалыгын Германия жүргүзүп жаткан G7 өлкөлөрүнүн лидерлери уюштурган онлайн жыйында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө: «Украинага болгон колдообузду ырастайбыз жана Орусиянын уланып жаткан согушуна каршы Украина менен тилектеш экенибизди билдиребиз»,-деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө Орусиянын Украинадагы маанилүү инфраструктураларга жасаган «адамгерчиликсиз жана ырайымсыз» кол салуулары айыпталып, жарандарга каршы кыймылдарынын согуш кылмыштары экени эске салынды.
Максаттарынын Орусиянын ырайымсыз согушунан жабыркаган же талкаланган маанилүү инфраструктураларды калыбына келтирүү үчүн чыгымын төлөп бериши экени баса белгиленген билдирүүдө: «Согуш кылмыштары жана берки мыкаачылыктар үчүн жазасыз калбашы керек. Биз (Орусиянын президенти Владимир) Путинди жана берки жооптуу адамдарды эл аралык укуктун алдында жоопко тартабыз. Орусиянын жоопкерчиликсиз өзөктүк риторикасынын кабыл алынгыс экенин жана кандайдыр бир химиялык, биологиялык же өзөктүк куралды колдонуу оор кесепеттерге алып келерин дагы бир жолу кайталайбыз»,-деп айтылды.
Чоң жетилик өлкөлөрү Орусиядан согушту дароо токтотуп, Украинанын аймагынан толук жана шартсыз түрдө чыгып кетүүнү да талап кылышты.
Декларацияда ошондой эле Кара деңиз дан коридору келишиминин узартылышына канааттануу билдирилди.