Зеленский менен Шмигал Украинада электр энергиясы өчүрүлө турганын айтты

Телеграмм эсебинде күнүмдүк видео кайрылуусу менен коомчулукка кайрылган Зеленский Орусия күчтөрүнүн акыркы убакта электр инфраструктурасын бутага алуусунун натыйжасында өлкөнүн көп аймагында электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын түшүндүрдү.

1917514
Зеленский менен Шмигал Украинада электр энергиясы өчүрүлө турганын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын бардык аймагында электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатканын жана кырдаал олуттуу экенин билдирди.

Телеграмм эсебинде күнүмдүк видео кайрылуусу менен коомчулукка кайрылган Зеленский Орусия күчтөрүнүн акыркы убакта электр инфраструктурасын бутага алуусунун натыйжасында Киев, Одесса, Львов жана башка аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын түшүндүрүп, Украинадагы энергетика көйгөйлөрүнө  «Абал оор» деп баа берди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгилеген Зеленский Кара деңиз дан коридорунун кеңейиши жана Түркия менен Украина үчүн чоң мааниге ээ болгон глобалдык окуяларды сүйлөшүшкөнүн белгиледи.

Зеленский ошондой эле Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.

Украинанын премьер-министри Денис Шмигал социалдык тармактан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусия күчтөрүнүн Украинанын ар кайсы аймактарындагы энергетика инфраструктураларына акыркы мезгилдеги кол салууларынын олуттуу зыянга учуратууларына көңүлдөрдү бурду.

Кол салуулардын натыйжасында өлкөдөгү бардык жылуулук жана ГЭСтердин зыянга учураганын белгилеген Шмигал: «Жогорку вольттогу электр тармактарынын орнотууларынын 40 пайызы бузулган. Ар бирибиз быйылкы кышта электр энергиясын керектөөдө олуттуу чектөөлөргө дуушар болорубузду билишибиз керек»,-деди.

Өлкөнүн бардык аймагындагы энергетика көйгөйлөрүн чечүү үчүн өкмөттүн керектүү бюджетти бөлгөнүн жана интенсивдүү оңдоо иштеринин уланып жатканын белгилеген Шмигал ооруканаларды, аскердик, өнөр жай жана башка маанилүү инфраструктураларды жана үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун артыкчылыктуу экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар