Францияда экологиялык активисттер Ла Малле заводун талкалашты

Активисттер жарыялаган билдирүүсүндө абанын булганышына басым жасап, заводдун «уу» чыгарууну улантып жатканын айтышты.

1917574
Францияда экологиялык активисттер Ла Малле заводун талкалашты

Францияда ишемби күнү экологиялык активисттер тарабынан талкаланган Лафарждын Ла Малле заводу өз ишин токтотту.

Француз басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, ак халатчан 200гө жакын экологиялык активист Бук-Бел Эйр шаарындагы француз фирмасы Лафаржга таандык Ла Малле заводуна зыян келтиришти.

Заводдун кээ бир техникалары өрттөлүп, кабелдери үзүлгөндүктөн өз ишин токтоктоткондугу кабарланды.

Lafarge компаниясы окуяны "кылмыштуу иш" деп мүнөздөдү.

Бук-Бел-Эйр шаарынын мэри Ричард Малли завод зыянга учурагандыктан бир нече жума бою нормалдуу иштей албастыгын кабарлады.

Активисттер жарыялаган билдирүүсүндө абанын булганышына басым жасап, заводдун «уу» чыгарууну улантып жатканын айтышты.

Окуя боюнча тергөө иштери башталды.



Тектеш кабарлар